Бишкекте каттамга чыга турган коомдук транспортту көбөйтүү талкууланды

10 ноябрь 2021 12:54 3236 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык каттамдарга тейлөө көрсөткөн фирмалардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Аталган кабарга таянсак, жолугушууда линияга чыга турган бустардын пландуу чыгуусун көбөйтүү, GPS-трекерлерди орнотуу, коомдук транспорттун баардык түрлөрүнө электрондук билет берүү системасын киргизүү, газ толтуруучу жайларды көбөйтүү, айдоочулардын маданият менен этиканы сактоо маселелери талкууланды.

Жүргүну тартуучу фирмаларга тез арада унаалардын пландуу чыгууларын көбөйтүү жана иштеп жаткан микроавтобустардын техникалык абалын контролдоо сунушту айтылды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kattamga-chyga-turgan-koomduk-transporttu-kbjt-talkuulandy



Добавить комментарий