Конституциялык палатынын судьялыгына талапкер 46 миң сом айлык жана 35 миң сом пенсия алат

26 февраль 2020 12:21 585 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңеш бүгүн, 26-февралдагы жыйынында Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына барам деген Мукамбет Касымалиевдин, Мээргүл Бобукееванын жана Латип Жумабаевдин талапкерлигин карашты.

Жыйын учурунда депутат Дастан Бекешев үч талапкер 2018-2019-жылдардагы ишмердиги тууралуу декларация тапшырып, тапшырбаганына кызыгып, маянасы канча экенин сурады.

Талапкерлердин бардыгы бир жылда болжол менен 1 миллон сомдон ашык каражат тапканын айтышты. Андан сырткары алар кенен маалыматты депутатка кат түрүндө жиберебиз деп ишендирди.

Талапкерлердин бири Бобукеева айына 40 миң сомдун тегерегинде айлык аларын билдирди. Экинчи талапкер Касымалиев соттордун айлыгы стажынан көз каранды экенин айтты. Ал эми өзү 46 миң сом маяна жана 35 миң сом пенсия аларын белгиледи.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитети үч талапкерди Конституциялык палатанын судьялыгына жактырган.

Ссылка: https://barometr.kg/konstituciyalyk-palatynyn-sudyalygyna-talapker-46-mi-som-ajlyk-zhana-35-mi-som-pensiya-alat



Добавить комментарий