Конор Макгрегорду туурап баскан Таластык электрик коопсуздук эрежелери боюнча кайра сынак тапшырат
Бөлүшүү:
Ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун басканын туурап электр карагайына чыккан Таластык электрикке чара көрүлдү. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай "Түндүк Электр" ишканасынын А.А аттуу монтеру жана М.Н аттуу бригаданын жетекчисине коопсуздук эрежелерин сактабагындыгы үчүн чара көрүлдү. Эми алар техникалык коопсуздук боюнча кайрадан сынак тапшырат.
Эске салсак, бутуна шайманды кийип алып, электр мамысына мушкер Конорду туурап чыгып бара жаткан Таластык монтердун видеосу интернетке жайылып, кызуу талкууну жараткан.
Добавить комментарий ×