Компания кызматкерлери кыска юбка кийген үчүн күнүгө 100 сомдон ашык төлөйт
Россиялык ишкана жумуш учурунда кыска юбка же кыска көйнөк кийген кызматкерлерине акчалай сый пул сунуштаганы үчүн сынга кабылды. Бул туурасында BBC кызматы жазды.
Алюминий иштеткен Татпроф компаниясы 30-июнда «аялдык сапаттар боюнча марафон» уюштурган. Анын талаптарына ылайык тизесинен 5 синтиметр өйдө кыска юбка жана көйнөк кийген кыз-келиндер ар бир жумушчу күнүндө 100 рублдан алышат. Бонус алуу үчүн кызматкерлер мындай кийимчен сүрөттөрүн компанияга жөнөтүшү керек.
Социалдык тармактардын колдонуучулары бул иш-чарага аялдарга карата жаман мамиле катары баа беришти.
2014-жылы Сочидеги кышкы олимпиадалык оюндарды жана 2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионаттыгын алып келген компания сексизм боюнча айыптоолорду четке какты.
"Биздин максат - биздин жумушчу күндү жакшы өткөрүү",-дешкен.
Ссылка: https://barometr.kg/kompaniya-kyzmatkerleri-kyska-yubka-kijgen-chn-kng-100-somdon-ashyk-tljt
Добавить комментарий ×