Комендатура: "Ак Кемедеги" обсервациядан эч ким секирип качкан жок

1 апрель 2020 22:19 1058 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 1-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова обсервацияларды кайтарууну күчөтүү керектигин ИИМден суранган. Ошондой эле ал "Ак-Кемедеги" обсервациядагы адамдар тордон секирип жаткандыгын белгилеген эле.  

Бишкек шаарынын комендатурасынын Басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Бишкек шаарынын комендатурасынын маалыматына боюнча, обсервация толугу менен милициянын көзөмөлүндө жана коомдук тартип камсыздалууда. 

Тактоо ирээтинде билдиребиз,  "Ак-Кемеде" жайгашкан обсервациядагы жыйырма эки жаштагы кыз балкондо кийимин жайып жаткан учурда өзүнүн зер буюмун кокустуктан түшүрүп алып чатырдын жээгинен кайра  алганга үлгүргөн. Ошол эле учурда ал жак бийик болгондуктан секирип кетүүгө такыр мүмкүн эмес.

Милиция кызматкерлери кызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда ал ал жактан секирип качып кетүү оюнда жок экендигин билдирген.


Ссылка: https://barometr.kg/komendatura-ak-kemedegi-observaciyadan-ech-kim-sekirip-kachkan-zhok



Добавить комментарий