Коменданттык саат 2 саатка кыскартылды

15 апрель 2020 14:40 1200 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 15-апрелден тарта коменданттык саат 2 саатка кыскартылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты. Эми коменданттык саат режими саат 21:00дөн 6:00гө чейин созулат.

Буга чейин коменданттык саат 20:00дөн таңкы саат 6:00гө чейин болчу.

Эске салсак, Кыргызстандын бир катар шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол коюп, аны парламент бекитти. Өзгөчө абал узартылган шаарлардын ичинде Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары бар.

Андан сырткары апрелдин аягына чейин Нарын шаары менен Ат-Башы районуна дагы өзгөчө абал киргизилип, коменданттык саат режими иштейт.

Ссылка: https://barometr.kg/komendanttyk-saat-2-saatka-kyskartyldy



Добавить комментарий