Жалал-Абадда бир суткада 10 кылмыш иши катталды

11 апрель 2020 14:29 444 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасы өткөн сутка ичиндеги коомдук-саясий жана криминогендик абал боюнча маалымат берди.

2020-жылдын 10-апрелден 11-апрелге караган бир сутка ичинде областын аймагында  баары болуп - 10 кылмыш окуялар катталган, алардын ичинен Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары, Сузак районунун аймагында – 2 кылмыш катталган. Жалпысынан коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду.

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 14, Сузак районунун аймагынан – 4 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, жаңы кабыл алынган мыйзамдын негизинде айып салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 85 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн. Ошондой эле аталган аймактардан - 78 автоунаа кармалып айып аянтчасына коюлган.

Ссылка: https://barometr.kg/komendant-baany-negizsiz-ktrgn-soodagerler-zhoopkerchilikke-tartylat



Добавить комментарий