Колго кандай крем тандаш керек?

21 ноябрь 2022 12:15 3088 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Аялдын колу анын визиттик карточкасы” деп бекеринен айтышпайт. Колду жакшынакай сакташ үчүн кремди туура тандап үйрөнүңүз.Ал колдун бырышып кетүүсүнөн жана кургап кетүүсүнөн сактайт. Колго арналган кремдер бир нече категорияга бөлүнөт. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Нымдаштыруучу крем

Мындай крем дайыма болуш керек. Тери нымдуулугун сактап туруш үчүн аны эртең менен жана кечинде сүртүүнү косметологдор сунушташат.Нымдаштыруучу кремдердин курамында алое веранын ширеси, глицерин, гиалурон кычкылы, аминокислоталары, өсүмдүк экстракттары жана майлар болот.   

Азыктандыруучу крем

Колдун териси кургак болгондо ушундай кремди тандап аласыз. Ал коюу тектурага ээ жана курамында провитаминдер менен майлар бар.

Коргоочу крем

Мындай крем колдор жарылып кеткенде, шамалдан туурулганда, күнгө күйгөндө жардамга келет. Анын курамында пантенол (провитамин В5), Е витамини жана кайра жандандыруучу ши майы жана күндөн коргоочу SPF факторлор бар.

Калыбына келтирүүчү крем

Мындай кремдер бир эле маалда азыктандырып, нымдаштырып, терини жакшыртып комплекстүү түрдө таасир берет.

Ар дайым сулуу болуңуз!

Ссылка: https://barometr.kg/kolgo-kandaj-krem-tandash-kerek



Добавить комментарий