Кой-Ташта эс алуучулар мушташып кетти. Бейбаштар изделүүдө (Видео)
Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайындагы массалык мукташ тууралуу териштирүү иш-чаралар жүрүп, бейбаштар изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирди.
Кечээ,19-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамаларында Аламүдүн районунун ички иштер органына Пакистан Республикасынын 1998-жылы туулган Ш.С. аттуу жараны арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
«Окуя болгон дарекке Аламүдүн районунун ИИБдин ыкчам тергөө тобу барганы менен урушка катышкандар окуя болгон жерден тарап кетишкен. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган», - деп айтылат маалыматта.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан чыр-чатакка катышуу тиешеси бар шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, аларды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/koj-tashta-es-aluuchular-mushtashyp-ketti-bejbashtar-izdeld-video
Добавить комментарий ×