Кочкордо кылмыштуу топко колдоо көрсөткөн милициянын башчысынын ордуна жаңы жетекчи келди

3 январь 2023 14:58 908 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кочкор РИИБдин башчысы болуп милициянын полковниги Эрк Сарубекович Тажиев дайындалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, кечээ, 2-январда Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев өздүк курамга тааныштырды. 

Белгилей кетсек, Тажиев уюшкан кылмыштуу топко колдоо көрсөткөнү үчүн кармалган Азамат Зарлыкович Абыкеевдин ордуна  келди.   

Тажиев буга чейин Ички иштер министрлигинин Коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.  

Ссылка: https://barometr.kg/kochkordo-uyushkan-kylmyshtuu-topko-koldoo-krstkn-miliciyanyn-nalniginin-orduna-zhay-zhetekchi-keldi



Добавить комментарий