Кочкордо камаз менен жеңил унаа кагышып, 2 адам каза болду

20 декабрь 2018 10:10 1423 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Нарындын Кочкор айылында  "Ауди-100" унаасы менен мам.№08KG618ACQ КамАЗ унаасы кагышты. Кырсыктан 2 адам каза болуп, бир адам катуу жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Окуя 2018-жылдын  19-декабры саат 19:42 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 205-чакырымында болду. 

Куткаруучулар унаада кыпчылып каза болгон адамдардын жансыз денелерин чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркаган адам райондук ооруканага жеткирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/kochkordo-kamaz-menen-zheil-unaa-kagyshyp-2-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий