Кочкордо "Хонда Степ" үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кетти

13 ноябрь 2018 11:30 849 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кочкордо "Хонда Степ" үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кетти. Ичиндеги үч адам ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Андагы берилген маалыматта айтылгандай, окуя  12-ноябрь күнү саат 08:55 чамасында  Нарын-Балыкчы унаа жолунун 25-чакырымында  болгон. 

Жабыркагандарды  куткаруучулар унаадан чыгарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/kochkordo-honda-step-lgsndg-unaa-zholdon-chygyp-oodarylyp-ketti



Добавить комментарий