Кочкордо "Хонда Степ" үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кетти
Поделиться в:
Кочкордо "Хонда Степ" үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кетти. Ичиндеги үч адам ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Андагы берилген маалыматта айтылгандай, окуя 12-ноябрь күнү саат 08:55 чамасында Нарын-Балыкчы унаа жолунун 25-чакырымында болгон.
Жабыркагандарды куткаруучулар унаадан чыгарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/kochkordo-honda-step-lgsndg-unaa-zholdon-chygyp-oodarylyp-ketti
Добавить комментарий ×