Депутат элге азык-түлүктөн башка акчалай жардам берүүнү сунуштады
“Күнүмдүк иштерде иштегендер киргизилген өзгөчө абал маалында кыйналышууда. Эми 30-апрелге чейин дагы узартылса, алардын жашоосу эмне болот? Өкмөт аларга акчалай да жардам көрсөтсө, өздөрү каалагандарын сатып алышмак” – деди депутат Махабат Мавлянова. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди
Буга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирип, каттоосу жок экендигине карабай жарандардын жашаган жерине жараша жардам берүү тапшырмасы берилгенин айтты
"Муктаж жарандар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, аймак жетекчилигине кайрылып көмөк сураса болот. Мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү чаралары иштелип чыккан”,– деп кошумчалады.
Ал эми депутат Пархат Тулендыбаев калктын аялуу катмарын, анын ичинен аз өлчөмдөгү пенсия алган жарандарыбызды колдоо зарылчыгына токтолуп, монополияга каршы тиешелүү мекеме күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасын тынымсыз көзөмөлгө алышы шарт экендигин белгиледи.
Андан тышкары, Карамат Орозова 15-апрелге чейин 99 медициналык кызматкер коронавирус илдетине чалдыкканына токтолуп, саламаттыкты сактоо министрине “Жугуштуу ооруларга каршы күрөшкөн дарыгерлер жетишеби? – деген суроо салды.
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов дарыгерлер жетишсиз экендигин айтып, коронавирустун жайылышы менен дарыгерлерге оорчулук туулуп, тынымсыз иш үстүндө болуп жатканын билдирди.
"Дарыгерлердин жетишсиздиген саламаттыкты сактоо кызматкерлерин даярдаган мугалимдерди, 6-курстун студенттерин ишке тартып жатабыз”, – деп жооп берди.
Бул боюнча депутат Карамат Орозова өзүбүздүн дарыгерлерди колдоп, алардын коопсуздугун тыкыр көзөмөлгө алалы деген пикирин айтты.
"Айлык акысын эселеп төлөп, көмөк көрсөтөлү”, – деди депутат.
Ссылка: https://barometr.kg/knmdk-ishterde-ishtegen-zharandardy-zgch-abal-maalynda-koldoo-zaryl
Добавить комментарий ×