Күндөн коргоочу SPF кремди кандай тандоо керек?

2 август 2022 09:34 7398 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаздын келиши менен аялзаты SPF көрсөткүчү бар кремдерди сатып ала баштайт. Бирок көпчүлүк айымдар SPF 15  менен SPF 50 кандайча айырмаланарын түшүнө беришпейт. barometr.kg төмөндө алардын кандайча айырмаланарын сунуштайт.

Бул сандардын арасында күн ваннасын кабыл алуучу убакыттар тууралуу  көрсөткүчтөр катылган. Мисалы сиз жөнөкөй крем менен болгону 10 мүнөттөй күндүн таасиринен коргоно аласыз. Ал эми SPF 15  болжол менен 2,5 саат түз тийген күн нурунан сактанса болот. Ал эми көлөкө жерде 15 эсе көп убакытка чейин бул крем күндүн ультра кызгылт нурларынын коргой алат.Демек анда SPF 50 күнү бою колдонсо болобу деген суроо туулат? Албетте жок.

Кайсы гана күндөн коргоочу кремди болбосун 2-3 саатта кайра сүртүп туруу кажет.

Болгону цифралык көрсөткүчтүн өсүшү менен анын коргоочу даражасы жогорулайт.

Күндүн ультрафиолет нурларынан

- SPF 15 – 93 пайыз;

- SPF 30 – 97 пайыз;

- SPF 50 – 98 пайызга коргой алат. Бир караганда айырм анчалык деле сезилбеген сыяктуу, бирок пайыздык көрсөткүчтөр канчалык кажет? Анын айырмасы жогору даражадагы коргоого муктаждарга байланштуу.Денесинде так көп түшкөн айымдар, сары, ак саргыл, ак жуумал айымдар күнгө бат эле күйүп кеткенге жөндөмдүү. Ошондуктан алар пайыздык көрсөткүчү жогору кремди сатып алуулары зарыл.

Күндөн коргоочу кремди туура сүрткөндү да билүү керек. Кремдин активдүү компоненттери бир аз убакыттан кийин гана иштейт баштайт. Ошондуктан көчөгө чыгардан 15 минут мурда кирем сүйкөнгөн туура.Андан соң ар бир 2-3 саатта сүртүп туруу кажет.

Ошондой эле өткөн жылдан калган кремдер коргобой турганын эске ала жүргөн оң.

Ссылка: https://barometr.kg/kndn-korgoochu-spf-kremdi-kandaj-tandoo-kerek



Добавить комментарий