Күндөн келген катуу магниттик бороон Жерди каптап жатат
АКШнын Улуттук метеорологиялык кызматынын Космосттук аба ырайын прогноздоо борбору (SWPC) берген маалыматка таянсак, Жерге Күндүн бороону келип жатат. Бул туура Suspicious0bservers булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Жакында Күндө жарылуу болуп анын натыйжасында “күн цунамиси” келип чыккан. Мындан улам Космосттук аба ырайын прогноздоо борбору 1-2-сентябрда Жерге G2 деңгээлиндеги геомагниттик бороон келип жатканын эскертти.
Мындай бороон Жер үчүн кадимки көрүнүштөрдүн бири болсо дагы ал электр энергиясын, интернетти үзүгүлтүккө учуратып жана жандоочтордун ишине маселе жаратышы мүмкүн экенин аталган борбор маалымдады.
Ссылка: https://barometr.kg/kndn-kelgen-katuu-magnittik-boroon-zherdi-kaptap-zhatat
Добавить комментарий ×