Күндө активдүүлүк башталды, кийинки төрт жыл Жерде маселе келип чыгат
Күн алдыңкы төрт жылда Жерде олуттуу маселелерди жаратышы мүмкүн, анткени анын активдүү мезгили башталды. Бул тууралуу чет элдик булактарга таянуу менен “Барометр” билдирет.
Күн өзүнүн 11 жылдык циклинин эң эле интенсивдүү бөлүгүнө жакындап келе жатат.
Белгилей кетсек, Күн 11 жылды түзгөн циклден өтүп турат, мында анын магниттик уюлдары алмашат. Өткөн 2020-жылы Күндүн магниттик уюлдары циклдин эң эле төмөнкү бөлүгүндө болду. Мындан кийин 2025-жылдын июль айына чейин күндүн активдүүлүгү менен күн бороондору көбөйөт. Күн бороондору деп-бул андан көп зарыяддалган бөлүктөр чыккан учур аталат. Кээде бул бөлүктөр Жердин магниттик талаасы менен кагылышат.
Мындай кагылыштардан улам Жердин атмосферасында өзгөрүү болуп байланыш каналдарына, электр менен Интернетке жана башка көптөгөн тармактарга таасирин тийгизет.
Ссылка: https://barometr.kg/knd-aktivdlk-bashtaldy-kijinki-trt-zhyl-zherde-masele-kelip-chygat
Добавить комментарий ×