Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары «КТ Мобайл» ЖЧКсынын окуясынан улам кызматтан кетти
Бөлүшүү:
Мурат Мукамбетов өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
"Бул кадрдык чечим «КТ Мобайл» ЖЧКсынын жана улуттук уюлдук байланыш операторун түзүүнүн, Ачык Өкмөт Улуттук форумунун Катчылыгынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүнүн айланасындагы акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынды",- деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×