Өкмөт мүчөлөрү ыктыярчылар менен жолугушту (Сүрөт)

28 июль 2020 11:35 2257 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аида Исмаилова жана Эркин Асрандиев коронавирус пандемиясы учурунда калкка көмөк көрсөткөн волонтерлор менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө ыктыярчылар чоң салым кошту.

 «Биздин бүгүнкү жолугушуунун максаты – ыктыярчылык кыймылдын көйгөлөрүн талдоого алып, жалпыбызга келген илдетке натыйжалуу түрдө каршы турууда күч-аракетибизди бириктирүү. Волонтердук уюмдар жарандарга жана мамлекетибизге колдон келген көмөгүн көрсөтүүгө аракетин кылууда. Өз кезегинде мамлекетик органдар волонтерлорго ар тараптан көмөк кылуусу шарт. Биздин күч-аракетибизди координациялоо зарыл. Дал ушул максатта birge.pro платформасы иштелип чыккан», - деди ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев жана Аида Исмаилова донордук жана гуманитардык көмөктөрдүн келип түшүүсү жана бөлүштүрүлүшү тууралуу бетачар сунуштады.

Мындан тышкары, «Бирге» кыймылынын жетекчиси Эльдар Шабдановдун ыктыярчылык кыймылдын иши тууралу бетачары угулду.

Жолугушуунун экинчи блогу суроо-жооп форматында өттү, анда волонтерлор күнүмдүк учурап жаткан көйгөйлөрү тууралуу айтып беришти.

Волонтерлор өз суроолоруна тийиштүү мамлекеттик орган өкүлдөрүнөн жооп алышты жана конкреттүү мисалдардын негизинде абалды жакшыртуу жолдорун жана өз-ара аракеттешүүнү жакшыртуу боюнча өз сунуштарын киргизишти.

Жыйынтыгында мындай жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.

Жолугушууга ӨКМ Замирбек Аскаров, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, финансы министринин орун басары Абдыбалы тегин Суеркул, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев,  ИИМнин ЖКККББ башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов,  өкмөткө караштуу МСК статс-секретары Карагул уулу Жакып, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Оскомбаева жана Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов катышты. Видеоконференция аркылуу жолугушууга өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри катышты.

Ссылка: https://barometr.kg/kmtt-volonterlor-menen-zholugushuu-ttsrt



Добавить комментарий