Өкмөт: чек арада кырдаалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөр бүгүн да улантылууда

15 март 2019 11:45 1086 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 14-мартта, саат 19-30дан 20-40ка чейин Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы Головной тилкесинде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин жетекчилиги алдында эки тараптуу сүйлөшүүлөр өттү.  Бул тууралуу өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен күн тартибиндеги бардык курч маселелер талкууланып, учурда сүйлөшүүлөр тараптардын өкүлдөрү менен уланып жатат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kmtchek-arada-kyrdaaldy-zhng-saluu-sjlshlr-bgn-da-ulantyluuda



Добавить комментарий