Өкмөт жаңы айып пулдар жөнүндө нааразы болгон элге жооп берди

8 январь 2019 21:12 1757 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде Абылгазиев катаалдатылган мыйзам ченемдер милдеттүү болуп саналарын жана өлкөнүн ар бир жараны ага баш ийиши керектигин белгиледи.

"Жаңы мыйзамдар боюнча коомчулук арасында ар кандай пикирлер айтылууда. Бири аны жактаса, экинчиси нааразычылыктарын айтышууда. Бирок биздин милдет — жолдор коопсуз болуп, адамдар кырсыктан тышкары болуусун камсыздоо. Өлкөдөгү айдоочулардын маданиятын өзгөртүүгө, айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин сактай билүүсүнө жетишүүбүз керек. Жазаларды катаалдаштыруу көбүрөөк айып пул салууга эмес, жолдордогу тартипти сактоого багытталган", — деди премьер министр. 

Абылгазиевдин айтуусунда, коомдук жайларда таштанды таштоо, түкүргөн үчүн айып пулдарды киргизүү парламентте узак талкууга алынып, анан айып пул төлөөгө токтотулган. Учурда коомдо кызуу талкуу жаратылып жаткандыгын кошумчалады. Өсүп келе жаткан муунга үлгү көрсөтүп, тазалыкты кармап, шаарыбыз, өлкөбүз коопсуз, айлана-чөйрөбүз таза болушу шарт деп белгиледи премьер-министр. 

Өкмөт башчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калк арасында жаңы киргизүүлөрдүн маңызы тууралуу маалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошол эле учурда айыптарды башкаруунун так механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.


Ссылка: https://barometr.kg/kmt-zhay-ajyp-puldar-zhnnd-naarazy-bolgon-elge-zhoop-berdi



Добавить комментарий