Өкмөт ишкерлерге 30 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя берүүнү улантууда
Кыргыз өкмөтү ишкерлерди колдоо максатында арзан кредит берүү чечимин кабыл алган. Бул тууралуу Экономика министирлигинин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Аталган министрлик коронавирус шартында жабыр тарткан ишканаларды колдоо иретинде жеңилдетилген насыялар берилип жатканын эске салат.
Каржылоо июль айында башталган.
Кредитти туризм, мейманкана жана ресторан кызматын көрсөтүү, дүң-чекене соода, жеңил өнөр жайы, текстиль өндүрүшү, кийим, бут кийим, тери жана башка тери буюмдарын өндүрүү, фармацевтика өнөр жайлары, жүк ташуу, транспорттук кызмат көрсөтүү, өндүрүштүк жана кайра иштетүү тармактары ала алат.
Кредит алууну каалаган ишкер КР резиденти, Мамлекеттик салык кызматынан жана Социалдык фонддон каттоодон өткөн тарап болушу шарт.
Кутулуу мөөнөтү — бир жылдан беш жылга чейин. Жылдык үстөк 4 пайыздан башталат. Ишкерлер бизнесинин көлөмүнө жараша 150 миң сомдон 30 миллион сомго чейин алса болот.
Ссылка: https://barometr.kg/kmt-ishkerlerge-30-mln-somgo-chejin-zheildetilgen-nasyya-bern-ulantuuda
Добавить комментарий ×