Өкмөт: Ички дүң продукциясынын өсүшү 557,1 млрд сомду түздү

12 апрель 2019 12:41 765 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 12-апрелде парламенттин жыйынында премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев өкмөттүн аткарган иштери тууралуу депутаттарга отчет берүүдө.  

Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолгон өкмөт башчы төмөндөгүлөрдү белгилеп өттү.

“Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү 557,1 млрд сомду түзүп, 3,5 пайызга жетти. Ал эми өсүш 2,8 пайыздын деңгээлинде болжолдонгон. Бул өсүшкө – Кумтөр алтын кенин кошпогондо жеткендигибизди айтууга болот. Бул факт эмнени билдирет. Бул факт Өкмөттүн экономиканын башка бардык секторлорунда да өсүштү камсыз кыла алгандыгын билдирет: курулушта (өсүш 7,8%), өнөр жайында (5,5%), айыл чарбасында (2,7%), кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө (2,1%) өсүш катталды”,-деп айтты премьер-министр.

 Ошондой эле өкмөттүн отчетунда ИДПнын калктын жан башына бөлүнүшү 3 пайызга өскөнү маалымдалды.

“Ички дүң продукциянын көлөмү негизги соода өнөктөштөрүбүз болгон Россияда – 2%, Казакстанда – 4,1%, Белоруссияда –3% болду.Тышкы карыздын үлүшү ИДПга карата 53,1 пайыздан 48 пайызга түшүрүлдү”,-деп белгиледи Абылгазиев өз баяндамасында.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-ichki-d-produkciyasynyn-ssh-5571-mlrd-somdu-tzd



Добавить комментарий