Өкмөт Чоң жана Кичи Памирге гуманитардык экспедиция даярдап жатат

7 июль 2021 17:38 628 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Профилдик мамлекеттик органдарга 2021-жылдын күзүндө Чоң жана Кичи Памирге гуманитардык экспедицияны уюштуруу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Өкмөт үйүндө болгон жыйында  Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.

Эскерте кетсек, өкмөт мындай жардамды жыл сайын уюштуруп келет.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-cho-zhana-kichi-pamirge-gumanitardyk-ekspediciya-dayardap-zhatat



Добавить комментарий