Өкмөт биометрикалык паспортторду берүүнү катуу көзөмөлгө алат
Өкмөт биометрикалык жалпы жарандык паспортторду берүү процессин катуу көзөмөлгө алууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барган учурда билдирди.
«Биз жакын арада буга чейинки тендер боюнча соттук териштирүүлөрдүн аякташын күтүп жатабыз. Андан соң жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланат. Аларды 2021-жылдан баштап берүү пландалган. Бул көптөгөн маселелерди чечип, анын ичинде башка өлкөлөрдүн биздин паспортторго, жалпысынан республикабызга болгон ишеним деңгээлин жогорулатат. Бүгүнкү күндө мекендештерибиз үчүн көптөгөн өлкөлөрдүн визасын алуу барган сайын кыйынга турууда. Биз бул жагдайдан чыгып, паспорту ээси үчүн бүткүл дүйнөгө эшик ачкан өлкөлөрдүн бирине айланышыбыз керек. Бул үчүн эл аралык деңгээлдеги паспорттор кажет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Белгилей кетсек, республикада жалпы жарандык электрондук паспортторду берүү 2019-жылы башталмак. 2018-жылы 1,2 млрд сомго жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланган. Эң минималдык эмес сумма – 940 млн 150 миң сом сунуштаган - «Гарсу Пасаулис» литвалык компаниясы жеңүүчү катары таанылган. Немистик Muhlbauer ID Services «тендердин жүрүшүндө бузууларга жол берилгенин» билдирип, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, сотко берген.
Өкмөт башчы Калкты тейлөө борбору – 2нин ишинин бардык баскычтары менен таанышып, тейлөө кызматтары көрсөтүлүп жаткан жарандар менен маектешти.
«Мурдагыдай узун кезектердин жок экендиги кубандырат. Имарат кенен, бул калкты тейлөө үчүн адистерди көп жайгаштырууга шарт түзөт. Санариптештирүү элементтери мында иштеп баштаганын белгилеп кетким келет. Мисалга алсак, электрондук кезек. Биз жарандар үчүн болушунча жакшы шарттарды түзүү маселесин карап чыгышыбыз керек. Бул үчүн жаңы имарат куруп же аянты чоң башка имаратты ижарага алуу зарыл. Калкты тейлөөнүн деңгээли жана сапаты биринчи кезекте түзүлгөн шарттардан көз каранды», - деп баса белгиледи премьер-министр.
Добавить комментарий ×