Өкмөт башчынын үй-бүлөсү тууралуу маалымат жарыяланды

21 май 2019 10:53 14571 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык тармактарга Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин үй-бүлөсү жана жакындары тууралуу маалымат жарыяланды.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан, бир туугандарынын бары жөнөкөй кызматта эмгектенишет, айрымдары ардактуу эс алууда жана үй кожойкелери.

1. Агасы Калыйнур Абылгазиев жубайы экөө тең ардактуу эс алууда. Уулу соода тармагында, бир кызы тигүүчү, экинчиси үй кожойкеси;

2. Соодонбек Абылгазиев – журналист, акын, жазуучу (учурда жеке ишканалардын биринде кароолчу), жубайы – мугалим. Кызы жеке ишкерчилик менен алектенет, уулу – студент, энергетика багыты боюнча билим алат, кызы – мектеп окуучусу;

3. Айнура Дүйшекеева – ардактуу эс алууда. Жолдошу ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген, Кочкордо жашашат;

4. Жылдыз Абылгазиева – мугалим. Уулдары курулуш тармагында жөнөкөй куруучу болуп эмгектенишет. Кызы – үй кожойкеси.

5. Азиз Абылгазиев – Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык техника департаментинин Баңгизатты мыйзамдуу түрдө айлантуу бөлүмүнүн башчысы. Жубайы – врач. Уулдары – банк, катардагы кызматкер болуп эмгектенишет. Кызы – каржы тармагында иштейт. Күйөө баласы – “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасында директордун орун басары кызматын аркалап келет (өз ишин ар кандай мекемелерде, Мамлекеттик байланыш комитетинде катардагы кызматкерден баштаган, программист);

6. Кундуз Абылгазиева – шаардык ооруканаларда улук медайым. Жолдошу – суу чарбасында мурап болуп эмгектенет. Уулдары – муниципалдык кызматта жана жеке ишканда иштешет.

Премьер-министрдин атасы Дүйшеке Абылгазиев – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, экинчи топтогу майып, убагында укук коргоо органында, партиялык кызматтарда эмгектенген. Быйыл күзүндө 100 жашка чыкмак. Ал эми апасы Жеңилдик Абылгазиева – үй кожойкеси. Учурда 85 жашта, Өкмөт башчы менен бирге жашайт.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-bashchynyn-j-bls-tuuraluu-maalymat-zharyyalandy



Добавить комментарий