Өкмөт башчы милдеттерди толук түрдө аткарбагандардан арылууну уланта берет
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коюлган милдеттерди толук түрдө аткарбаган Өкмөт мүчөлөрүнөн арылууну мындан ары да уланта берет. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Өкмөт башчы министрлик жана ведомстволордун жетекчилеринин алдына конкреттүү тапшырмаларды коет жана жыйынтыктарды талап кылат. Өкмөт мүчөлөрү тейлеген тармактарындагы иш үчүн жеке жоопкерчиликти алышат, эгерде Премьер-министр алардын күч-аракеттерин жетишсиз деп тапса, анда аларга тийиштүү бүтүмдөр чыгарылат. Ошону менен бирге иштин жүрүшүндө министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине бардык ыйгарым укуктарды толук кандуу ишке ашыруу үчүн шарттар түзүлүп, зарыл болгон саясий колдоо көрсөтүлүп келе жатат.
Бул шарттарда Өкмөт башчы ишенимди толук түрдө актабаган кайсы бир Өкмөт мүчөсүнүн кызматтан кетишин негиздүү деп эсептейт. Өкмөт Президенттин багытын ишке ашырат жана өз программасын жүзөгө ашырууда Жогорку Кеңеш менен тыгыз өз ара аракеттешет.
Премьер-министр аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгү үчүн саясий жоопкерчиликти мойнуна аларын министрлер кабинетинин мүчөлөрү жакшы билишет жана өздөрүнүн конституциялык укуктарын мындан ары да толук кандуу колдонушат.
Чечим Премьер-министр тарабынан Өкмөттүн ар бир мүчөсүнүн ишмердүүлүгүн ар тараптуу талдаган соң, буга чейинки сиңирген эмгегине, партиялык таандыгына жана башка саясий мотивдерге карабастан кабыл алынат.
Ссылка: https://barometr.kg/kmt-bashchy-mildetterdi-toluk-trd-atkarbagandardan-aryluunu-ulanta-beret
Добавить комментарий ×