Өкмөт башчы 12 жаштагы Данилди издөөгө баардык күч-аракетти жумшоону табыштады

11 апрель 2019 21:32 6573 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 12 жашар Данилди издөөгө бардык күч-аракеттерди жумшоого милдеттендирди. Бул тууралуу өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге баланы издөөнү көзөмөлгө алуу жана бул үчүн бардык күч-аракеттерди мобилдештирүү тапшырмасын берди.

Белгилегендей, баланы мүмкүн болушунча тез арада аман-эсен табууга болгон күч-аракетти жумшоо керек.

Эскерте кетсек, 11-апрелде  саат  8:40та Кант шаарындагы   № 2  кичи райондо белгисиз адамдар «Хонда фит» унаасы менен келип мектепке бара жаткан  12 жаштагы Б. Данилди уурдап кетишкен. Учурда баланы издеп жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-bashchy-12-zhashtagy-danildi-izdg-baardyk-kch-araketti-zhumshoonu-tabyshtady



Добавить комментарий