Өкмөт башчы 12 жаштагы Данилди издөөгө баардык күч-аракетти жумшоону табыштады
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 12 жашар Данилди издөөгө бардык күч-аракеттерди жумшоого милдеттендирди. Бул тууралуу өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге баланы издөөнү көзөмөлгө алуу жана бул үчүн бардык күч-аракеттерди мобилдештирүү тапшырмасын берди.
Белгилегендей, баланы мүмкүн болушунча тез арада аман-эсен табууга болгон күч-аракетти жумшоо керек.
Эскерте кетсек, 11-апрелде саат 8:40та Кант шаарындагы № 2 кичи райондо белгисиз адамдар «Хонда фит» унаасы менен келип мектепке бара жаткан 12 жаштагы Б. Данилди уурдап кетишкен. Учурда баланы издеп жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/kmt-bashchy-12-zhashtagy-danildi-izdg-baardyk-kch-araketti-zhumshoonu-tabyshtady
Добавить комментарий ×