Өкмөт аз камсыз болгондорго таратылган ундан чыкты деген курт боюнча түшүндүрмө берди

7 апрель 2020 18:29 974 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларындагы ундун сапаты байма-бай текшерилип турат. Даяр продукцияны сактоо эрежелери коюлган бардык талаптарга жооп берет.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун запасынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайтарымсыз гуманитардык жардам иретинде таратылган ундан курт чыккандыгы тууралуу маалымат чыккан.

Жардамга муктаждарга таратуу үчүн ун Бишкек шаарына «Кант-Дан-Азык» акционердик коомунун жана Кара-Балта шаарында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампаларынан алынып келинген. Аталган комбинаттарда I жана II сорттогу даяр ун атайын текшерилди. Натыйжада № 56 электен өткөрүлгөн ундан эч кандай курт чыккан эмес.

«Кант-Дан-Азык» акционердик коомунда жана «Дан» мамлекеттик ишканасында даяр продукциянын сапаты үзгүлтүксүз текшерилип турат.

Белгилей кетүүчү нерсе, социалдык тармактарда тараган видеодо көрсөтүлгөн ундан чыккан курт ундун курту эмес. Бул мөмө-жемиш бактарында болуучу курт-кумурсканын түрү болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-az-kamsyz-bolgondorgo-taratylgan-undan-chykty-degen-kurt-boyuncha-tshndrm-berdi



Добавить комментарий