КМШ өлкөлөрүнүн оюндарында Кыргызстан 38 медаль алды
Татарстандын Казань шаарында 4-11-сентябрда КМШ мамлекеттеринин биринчи оюну аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Баардыгы болуп оюнга 1640 катышуучу келген, анын 1172си 14 жаштан 23 жашка чейинки курактагы спортчулар. Оюндарга тогуз өлкөдө - Азербайжан, Армения, Беларусия, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикистан, Өзбекстан жана Кыргызстандан келишти.
Оюн учурунда спорттун 16 түрү боюнча мелдеш өттү. Баардыгы болуп 182 комплект медаль ойнотулду.
Кыргызстандан 120дан ашык спорту катышып, 38 медаль алышты.
Анда 3 алтын, 10 күмүш жана 25 коло медаль бар.
Ссылка: https://barometr.kg/kmsh-lklrnn-oyundarynda-kyrgyzstan-38-medal-aldy
Добавить комментарий ×