Садыр Жапаровду Санкт-Петербургга кимдер коштоп кетти?
Президент Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербургга учуп кетти. Бул тууралуу поезиденттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинине мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын салттуу бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен учуп кеткен.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев;
- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparovdu-sankt-peterburgga-kimder-koshtop-ketti
Добавить комментарий ×