КМШ өлкөлөр арасында эң арзан эс алуучу жайлар Ысык-Көлдө

7 июнь 2018 21:00 1705 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мыкты курорттордун тизмесин ТурСтат аналитикалык агенттиги жарыялады. Рейтинг россиялык туристтердин барганын эске алуу менен чыгарылган. Эң популярдуу деп Казакстандагы “Бурабай” эс алуу жайы, Ысык-Көл, Беларуссиядагы Нарочь, Азербайжандын Баку шаарындагы Бильгя пляждары жана Армениядагы Севан көлү табылган. КМШ өлкөлөрүндөгү курортторго россиялык туристтер 7-14 күнгө эс алууга барышат. Ал эми эс алуунун бааларына келсек, эң арзан баа Ысык-Көлдө (суткасына 50 доллар), эң кымбаты Баку курортторунда (суткасына 100 доллар) экени аныкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/kmsh-lklr-arasynda-e-arzan-es-aluuchu-zhajlar-ysyk-kld



Добавить комментарий