Министр Казакстандан келген унду сатууну сунуштады
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Казакстан тарабынан берилген 10 миң тонна унду сатып, ушул эле каражатка буудай алууну сунуштады. Бул тууралуу министр 24-июнда өкмөттө өткөн жыйында айткан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ал аталган ыкманы өлкөдөгү азык-түлүк тартыштыгын токтотуш үчүн сунуштаган.
Өкмөт башчысы Улукбек Марипов министрдин бул сунушу боюнча тиешелүү механизмдерди иштеп чыгуу боюнча тапшырма берди.
Маалым болгондой быйыл өкмөт дыйкандардан 150 миң тонна дан сатып алууну пландап жаткан, бирок сугат суусунун тартыштыгына байланыштуу дан эгиндеринин өлчөмү жетишсиз болуп калуу тобокелдиги бар.
Ссылка: https://barometr.kg/kmnyn-bashchysy-kazakstandan-kelgen-undu-satuunu-sunushtady
Добавить комментарий ×