Окуу жылынын реалдуу режимде башталышы боюнча маселе талкууланат

25 август 2021 18:09 1691 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Министрлер кабинетинин жыйынында жаңы окуу жылынын реалдуу режимде башталышы боюнча маселе каралат. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов 2 жылдан бери окуучулар онлайн окуп жатышканын, эми баары партага окурганды каалашарын айтты.

“Бүгүн бул маселени чечишибиз керек. Билим берүүнүн сапаты эртеңки күнгө таасир берет”,-деп айтты төрага.

Ошондой эле Марипов жаңы окуу жылына карата Кыргызстанда 59 мектеп жана 12 бала бакча салынып жатканын маалымдады.

Эскерте кетсек, бүгүн министрлер кабинетинин жыйыны болуп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/okuu-zhylynyn-realduu-rezhimde-bashtalyshy-boyuncha-masele-talkuulanat



Добавить комментарий