Күмөндөр Абылов дарыгерлерге арнап ыр жазды

16 апрель 2020 17:13 2201 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз эл артисти Күмөндөр Абылов өлкөдө коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге арнап ыр жазды.

Эске салсак, 16-апрелге карата алынган маалымат боюнча Кыргызстанда 466 кишиге коронавирус жукту. Анын 104ү дарыгерлер.

"Врачтарга"

Жер шарында билбейм канча врач бар?

Статистика тактап аны ырастаар?

Деген менен: "Жараткандан кийинки,

Ден соолуктун сакчылары врачтар"!

***

Бизге кандай көп болсо да сынактар,

Билбейм канча биз билбеген сынак бар?

Бир билгеним, оору менен алышып,

Бизди дайым сактап келет врачтар!

***

"Элдик врач", эл багына ырас бар,

Эл ичинде, "Эл" деп жашайт врачтар!

Элди кырмак эгер врач болбосо,

"Эч бир жанга көрүнбөгөн жыластар"!

***

Апааттарда үйдө жатып албастан,

Ар бир күнүн адам үчүн арнашкан,

Ак халатчан врачтарга рахмат,

Ажал бүрккөн оору менен кармашкан!

***

Бирин карап, бирин бөлүп-жарбастан,

Бир күн дагы эс алууга барбастан,

Биз деп жүргөн врачтарга рахмат,

Бизди аңдыган ажал менен арбашкан!

Ссылка: https://barometr.kg/kmndr-abylov-darygerlerge-arnap-yr-zhazdy



Добавить комментарий