ӨКМдин куткаруучу бөлүмүнүн подполковник Руслан Рашидинов каза болду
ӨКМдин куткаруучу бөлүмүнүн подполковник Руслан Рашидинов 43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
ӨКМнин жарандык коргонуу жана авариялык куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн улук офицери подполковник Рашидинов Руслан Кубанычбекович 43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Рашидинов Руслан Кубанычбекович 1977-жылдын 13-сентябрында Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында туулган. Билими жогорку, 1999-жылы Кыргыз
мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, 2012-жылы РФнын
Жарандык коргонуунун Академиясын аяктаган.
2003-2020 -жылдары ӨКМде ар кандай кызматтарда эмгектенип келген. Подполковник Р.Рашидинов ӨКМде кызмат кылган мезгилинде өзүнүн тартиптүүлүгү, тажрыйбасын бөлүшкөндүгү менен өсүп келе жаткан жаш муунга үлгү боло турган мыкты аскер кызматкери катары өзүн көрсөтө алды. Кызмат өтөөдө үзүрлүү эмгеги, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуудагы кылган эмгектери үчүн төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болгон:
Подполковник Рашидинов “Мыкты аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн” II –даражадагы медалы, “Кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү үчүн” II-даражадагы медалы, КР ӨКМдмн “Ардак грамотасы”, “Мыкты аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн” I –даражадагы медалы, “Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы үчүн” төш белгиси менен сыйланган.
Рашидиновдун артында 2 баласы калды.
Подполковник Рашидиновдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына "Барометрдин" жааматы терең кайгыруу менен көнүл айтат.
Ссылка: https://barometr.kg/kmdin-kyzmatkeri-djn-saldy
Добавить комментарий ×