ӨКМ: "Тоолуу унаа жолдордо кар көчкү түшөт, сак болуңуздар!"

21 январь 2019 13:40 1068 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Тоолуу аймактарда карт күрткүсү пайда болуп, көчкү түшөөрүн  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти. 

Маалымат боюнча, 2019-жылдын 21-январынан 23-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99- чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4- чакырымдарында Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130- чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. 

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл деп эскертет ӨКМ. 

 КР Ө

Ссылка: https://barometr.kg/km-tooluu-unaa-zholdordo-kar-kchk-tsht-sak-boluuzdar



Добавить комментарий