Чоң-Алайда карды пушка менен аткылашууда

11 февраль 2019 10:28 1099 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ӨКМ тоолордогу карды пушка менен атып түшүрүү ишин улантууда. Бул тууралу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдыр министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Кечээ 10-февраль күнү КР Куралдуу Күчтөрүнү Генералдык Штабынын миномёттук эсеби жана КР ӨКМнин ыкчам тобу тарабынан Чоң-Алай районунун Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

 Мындан сырткары Кара-Кулжа районунун Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР КК ГШнын минометтук эсеби жана КР ӨКМнин ыкчам тобу тарабынан, 10-февраль күнү  аталган унаа жолдун 86-87-88-чакырымдарында (Көңдүк-Чаты тилкеси) кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Иш-чаралар бүгүн 11-февраль күнү улантылат.

Жалпы 9-февралдан бүгүнкү күнгө чейин Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда 1200м3 кар көчкү түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу (74-76, 88-89, 100-115-чак.) жана Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык (98-123-135-чак.) унаа жолдорунда 2019-жылдын 9-февралынан 12-февралына чейин  артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/km-toolordogu-kardy-pushka-menen-atyp-tshr-ishin-ulantuuda



Добавить комментарий