Госпитализациялык пунктарга жаткырууга 22 247 орун даярдалды
ӨКМ тарабынан госпитализациялык пунктарга жаткырууга талаа шартында 3 872 орундар даярдалды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен жергиликтүү бийлик тарабынан бүгүнкү күнгө госпитализациялык пунктарга жаткырууга жалпы 22 247 орун (койко-мест) тиешелүү жабдыктар менен жабдылып даярдалды”, - деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов.
Анын айтымында даярдалган жалпы 22 247 койка орундуктардын саны төмөнкүдөй:
Госпитализациялык орундар – 9 599;
Күндүзгү стационардык орундар – 12 340
Түнкү стационардык орундар – 308;
Анын ичинен: “Манас Эл аралык аэропортунун” транзиттик жүк ташуучу борборунун аймагында мурдагы “Ганси” авиабазасындагы “Семетей” госпитализация пунктунда – 1 302 орундар даярдалды.
ӨКМ тарабынан 6 243 обсервацияга дайындалган орундарга:
1 272 керебет, 5 294 матрац, 5 525 жаздык, 5 708 жаздык кап, 5 184 одеял, 8 706 комплект шейшептер бөлүнүп берилген.
Эскерте кетсек, обсервация орундары жетишпей турган болсо, ӨКМ тарабынан талаа шартында 3 872 орундар даярдалган.
Ссылка: https://barometr.kg/km-tarabynan-zhalpy-22-247-orun-dayardaldy
Добавить комментарий ×