Баткенден келген 400 жаран кесиптик лицейдин жатаканасына жайгаштырылды

27 сентябрь 2022 11:51 846 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткенде тажиктердин куралдуу кол салуусунан үй-жайын таштай качкан 400гө жакын жаран Чүйдөгү кесиптик лицейге жайгаштырылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Белгилүү болгондой, кыргыз -тажик куралдуу кагылышуусунан жабыркаган 400гө жакын жаран Чүйдүн Москва районуна караштуу кесиптик лицейлердин жатаканаларына жайгаштырылды. 

"Алардын 149у энелер болсо, 248и жаш балдар.

Жайгаштырууну ӨКМдин  Москва райондук бөлүмүнүн өздүк курамы көзөмөлдөп, кийим-кече, тамак-аш менен камсыздалды.

Мындан сырткары аларга медициналык, психологиялык жардамдар көрсөтүлүүдө", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/batkenden-kelgen-400-zharan-kesiptik-licejdin-zhatakanasyna-zhajgashtyryldy



Добавить комментарий