ӨКМ: Сууга чөгүп кеткен беш кишини издөө уланууда
Бөлүшүү:
16-августта Ысык-Көлдүн Бостери айылында көлгө 29 жаштагы эркек киши чөгүп кеткен. Куткаруучулар анын сөөгүн 17-августта табышты. Маркумду Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Бул тууралуу ӨКМКнын басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.
Министрлик август айында сууга чөгүп кеткен дагы беш киши табылбай жатканын айтты.
Эске сала кетсек, Бишкектин Биринчи май районунда 10-августта Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына түшүп кеткен беш жаштагы бала дагы эле табыла элек.
Ссылка: https://barometr.kg/km-suuga-chgp-ketken-besh-kishini-izd-ulanuuda
Добавить комментарий ×