ӨКМ: "Нарында жер көчкү түшүп, акырындык менен жылууда, бирок турак-үйлөргө коркунуч жок"

3 декабрь 2018 13:08 1325 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Нарындагы Миң-Куш айылындагы аймак жакка  жер көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматта жазылгандай, 2018-жылдын 1-декабрында саат 12:30 чамасында Миң-Куш айылынын Ыраакы Миң-Куш тилкесиндеги “Жумгал Суу Курулуш" көмүр казган ишканасынын аймагында көлөмү болжолу менен 35000 м3 жер көчкү түшкөн. Жер көчкүнүн кесепетинен Ыраакы Миң-Куш тилкесине баруучу таза суу түтүгү жана "Жумгал Суу Курулуш" көмүр казган ишканасынын 2 даана электр зым карагайы жабыркаган. Учурда жер көчкү акырындык менен жылууда, бирок турак үйлөргө коркунуч жок.

Жумгал райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. 

"Жумгал Суу Курулуш" көмүр казган ишканасы тарабынан суу түтүктөрүн калыбына келтирүү иш-чарлары жүргүзүлүүдө. 3-декабрь күнү иш-чаралар улантылат-деп жазылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/km-narynda-zher-kchk-tshp-akyryndyk-menen-zhyluuda-birok-turak-jlrg-korkunuch-zhok



Добавить комментарий