ӨКМ: "25-26-сентябрда өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт"

25 сентябрь 2018 12:05 1068 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Өлкөнүн айрым аймактарында бүгүн-эртең  үшүк жүрүшү тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. 

Маалыматка ылайык, 25-26-сентябрь күнү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде абанын температурасы 0…-2 градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

ӨКМ мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алына элек же үстү жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу экенин эскертти.



Ссылка: https://barometr.kg/km-25-26-sentyabrda-lknn-ajrym-ajmaktarynda-shk-zhrt



Добавить комментарий