Көлгө чөгүп өлгөн бала кайра тирилди
Кытайдын Цзунчан шаарында бала кокусунан көлгө түшүп кеткен. Чөгүп кеткен баланын жүрөгү эки саат сокпой турган, бирок окуянын соңу жакшылык менен аяктады. Бул тууралуу The Sun булагы кабарлады.
Көлгө чөгүп кеткен баланы 53 жаштагы Янг Ю куткарып калган. Ал эс алууга барып көлдөн баланын шымын көрүп калган. Дароо жардамга шашылып, суунун түбүндө бети төмөн карап жаткан баланы алып чыккан.
Баланы ошол замат ооруканага алып барышып дем алуусун калыбына келтирүү аракет кылышкан. Ал таптакыр дем алган да эмес, жүрөгү да соккон эмес.
Адистер бала каза тапты деп кабарлашканда анын чоң атасы менен апасы ыйлап жардам бергиле деп суранып туруп алышкан. Аргасы кеткен дарыгерлер аны жасалма аппаратка кошкон кезде балага кайрадан жан кирди.
Доктор Ван Бонун айтымында, анын практикасында 14 жылдан кийин ушундай окуя кайталанып отурат.
Ссылка: https://barometr.kg/klg-chgp-lgn-bala-kajra-tirildi
Добавить комментарий ×