Көлдө кайык оодарылып кетип, андагы киши сууга чөгүп каза болду

27 декабрь 2018 10:17 1288 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында кайык оодарылып кетип сууга түшкөн адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматта мындай деп жазылат: 

"2018-жылдын 26-декабрь күнү саат 15:56да Бөкөнбаев айылынын Үч-Чуңкур тилкесиндеги көлдө кайык оодарылып, кырсыктын кесепетинен кайыктагы 1961-жылы туулган М.Б. аттуу эркек киши сууга чөгүп каза болгон. Жерине КР ӨКМнин №38 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен".

Ссылка: https://barometr.kg/kld-kajyk-oodarylyp-ketip-andagy-kishi-suuga-chgp-kaza-boldu



Добавить комментарий