Клара Сооронкулова ИИМге суракка чакыртылганын айтты

22 июнь 2021 09:06 1925 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Экс-судья Клара Сооронкулова Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу анын соцтармак баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Сурак былтыркы жылдын октябрь айындагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу. Ага Клара Сооронкулова күбө катары чакыртылган.

"2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандыктарды териштирүү улантылып жатат. Бул окуяларга жана анын кесепеттерине юридикалык баа берилет деп ишенем. 6-октябрда мамлекеттик төңкөрүш болду деп күбө болууга даярмын", - деп жазган Сооронкулова.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 5-6-октябрында парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талаптары менен митингдер болгон. Андан кийин башаламандык башталган. 6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, жокко чыгарууга аргасыз болгон. Митингдер бийликтин алмашуусуна алып келген.

Ссылка: https://barometr.kg/klara-sooronkulova-iimge-surakka-chakyrtylganyn-ajtty



Добавить комментарий