Күйөөсүн өлтүртүүгө киши жалдап, 20 миң доллар берген аял кармалды

18 июль 2019 14:05 5132 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Түркестан областынын Кызылордо шаарында мурдагы күйөөсүн өлтүртүүгө 20 миң доллар берген аял кармалды. Бул тууралуу  аталган шаардын полиция департаментинин басма сөз кызматы кабарлады.

Аял күйөөсүн өлтүртүш үчүн Түркестан областынын тургуну менен сүйлөшүп ага 20 миң АКШ долларын бермек болгон. 

“Полиция кызматкерлери 48 жаштагы эркекти колго түшүрдү. Эркек аялдын мурдагы жолдошун өлтүрөм деп 10 миң доллар алган. Аял ага дагы 10 миң долларды күйөөсүнүн мүлктөрүн саткандан кийин берем деп келишим түзгөн. Бирок экөөнү тең полиция колго түшүрдү”,-деп кабарлашты басма сөз кызматынан.

Учурда тергөө башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/kjsn-ltrtg-kishi-zhaldap-20-mi-dollar-bergen-ayal-karmaldy



Добавить комментарий