Кыргыздын эң сулуу жана кымчабел актрисалары. Сүрөт, тизме
Кыргызстандын театр жана кино тармагында бир катар актёр актрисалар роль жаратып келет. Алардын баарынын эле аткарган каарманы же болбосо роль жаратуусу элдин купулуна толбой калуусу толук мүмкүн. Бирок алардын ичинде 1 киного тартылса да элдин купулуна толгон актёр актрисалар жок эмес. Barometr.kg сайты көрүнүктүү, эл сүйгөн, сулуулугу менен элди суктанткан актрисаларды тизмектеди.
Элина Абай кызы
Элина Абай кызы 1990-жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарында төрөлгөн. Алгач “Боз салкын” тасмасы аркылуу элге тааныла баштаган, анда актриса өспүрүп кыздын ролун ойногон. Андан бери актриса кыргыз актрисаларынын эң алдыңкыларынан болууга жетишти. “Курманжан Датка” көркөм тасмасында жараткан жолу актрисага чоң жетишкендиктерди алып келди. Элина Абай кызы 2017-жылы белгилүү спортчу Кумар Жалиевге турмушка чыккан. Актриса чыгармачылык менен үй-бүлөлүк жашоосун ийгиликтүү айкалыштырып келет. Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган бул актриса модельдик кесипти да аркалайт.
Гүлнур Асанова
Маалым болгондой Гүлнур Асанованын учурда актрисалык карьерасы токтоп калган. Бирок Асанова ырчылык менен алектенип келет. Анын ырлары элдин жүрөгүнөн түнөк таап күйөрмандарын сүйүнтүп келет. Гүлнур кичинекей кезинен эле ырдап ар түрдүү кинолорго тартылып келген. Бирок анын актриса катары таанымал кылган ролу бул “Күзгү жалбырак” тасмасында Алтынайдын образы. Айрымдар ырчыны дале болсо “Алтынайдын ролун мыкты аткаргансың” деп мактап келет. Учурда бойдок.
Рахат Божокоева
Рахат Божокоева көпчүлүкө “Сүйөм дечи” кино тасмасынан кийин тааныла баштаган. Аталган фильмден кийин актриса бир катар белгилүү ырчыларын клиптеринде башкы каармандын ролун жараткан. Үй-бүлөлүү, бир уулдун апасы.
Айкөл Аликжанова
Айкөл Аликжанова учурда хиджап салынып актрисалык кесиптен баш тарткан. Анын акыркы тартылган тасмасы “Бажарики” фильми. Аликжанова учурда үй-бүлөлүү. Анын жоолук салынып кино тасмалардан алыстап кеткенине көпчүлүк алгач көнө албай. Ар түрдүү талкууга алып жүрдү. Бирок учурда ал жеке мусулман айымдары үчүн кийимдерди дардаган ателье ачып, ийгиликтүү бизнесмен айымга айланды.
Мадина Талипбек
Мадина кино жана театр актрисасы. Ал 2018-жылы кыргыз-өзбек шериктештигинде тартылган “Делбирим” тасмасында жараткан Аселдн ролунан кийин коомчулука таанымал болду. Актрисанын талантын Кыргызстанда гана эмес Өзбекистанда да жакшы баалашат. Аталган ролдон кийин Мадина бир катар сыйлыктарга татыды. Эң кызыгы Мадинанын Медина аттуу эгиз түгөйү да бар. Мадина Медина Талипбектер модельдик кесип менен да алектенишет.
Малика Абдразакова
Малика “Көпөлөк” кино тасмасына тартылгандан кийин көпчүлүкө таанымал болгон. Ал аталган тасмадан кийин дагы бир катар тасмаларда роль жараткан. Учурда студент.
Аида Даниярова
Аида Даниярованы көпчүлү “Салам Нью-Йорк” тасмасындагы Эрика катары жакшы тааныйт. Ал аталган роль менен өзүнүн күйөрмандарын таап көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган. Актриса учурда модель болуп иштеп келет. Бир кыз бир уулдун апасы.
Жогоруда аты аталган актрисалардын ар биринин сүйүктүү күйөрмандары бар. Айрымдары жалгыз образы менен таанымал болушса, башкалары дагы да мыкты образдарды жаратуу менен өз күйөрмандарын кубантып келет.
Добавить комментарий ×