Кишилер тажаганда тоокту жипке байлап алып көчөгө чыгууда – видео
Украинанын Днепропетровск облусундагы Слобажанское айылынын тургуну дүкөнгө баруу үчүн тоогун жипке байлап алып көчөгө чыккан.
Украина.ру сайтынын жазышынча, ал мындай ыкма менен коронавирустун таркоо коркунучунун алдын алуу үчүн киргизилген чектөөлөрдөн буйтап өтүүгө аракет кылган. Себеби, бийлик кишилерди сыртка өтө зарыл болгон учурда гана чыгууга уруксат берген. Анын ичинде итти дагы сейилдетүү бар. Бирок киргизилген чектөөдө жалпысынан гана үй жаныбарларын сейилдетүү деп жазылган.
Тоогун жетелеп алып көчөгө чыккан киши беткап менен колкап кийип алган. Анын бул кылыгын башкалар видеого тартып алышып, ал социалдык тармактарда тараган.
Ссылка: https://barometr.kg/kishiler-tazhaganda-tooktu-zhipke-bajlap-alyp-kchg-chyguuda-video
Добавить комментарий ×